Казакстандык оор атлетчи Владимир Седов 35 жашында көз жумду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта 26-июнь түнү Владимир Седов каза болгондугу тууралуу айтылган. Анда жергиликтүү полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын айтып берген.
"35 жаштагы оор атлетчинин сөөгү Каратал районунун Достык айылында жашаган жеринен табылган. Анын денесинде зордук-зомбулуктун сырткы белгилери табылган жок. Туугандарынын көрсөтмөсүнө ылайык, эркек киши өз жанын кыйган. Учурда суицид фактысы боюнча Кылмыш – жаза кодексинин 105-беренесинин "Суицидге жеткирүү" менен каралган сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришкен Жетысу облусунун полиция департаментинен.
Белгиленгендей, кылмыш иши райондук милициянын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.
Белгилей кетсек, ал Казакстандын төрт жолку чемпиону, 2009-жылы дүйнө чемпиону, 2009-жылы жана 2016-жылы Азия чемпиону болгон. Мекенге сиңирген эмгеги үчүн "курман" ордени менен сыйланган.
Бирок 2016-жылдын жайында эл аралык оор атлетика федерациясы 2008-жылы Бээжин Олимпиадасында спортчудан алынган допинг үлгүлөрүнүн эки анализинде жагымсыз жыйынтыктар болгонун билдирген. Анализден анаболикалык стероид "Станозолол" табылган.
Ага ылайык, 2019-жылдын 4-декабрында IWF расмий түрдө 2008-жылдан 2016-жылга чейин казакстандык оор атлетик Владимир Седовдун бардык наамдарын жокко чыгарган.