Ысык-Көлдүн тургуну унаа жолдун боюнда тротуардын жоктугуна нааразычылыгын айтты (видео)

Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Ал тротуардын жоктугунан унаа жол менен басууга туура келерин айтып, нааразы болду.

"Жолубуздун жасалганына 6 жыл болду. Абалын көрүп турасыздар, тротуар жок. Тургундар унаа жол менен басышат. Окуучулар үчүн да кооптуу, мектепке ушул жол менен барып келишет", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан