Бир катар өлкө лидерлери президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.
"Казакстандыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана мекендештериңизди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Мээримдүүлүк жана боорукердик, ыймандуулук жана адептүүлүк сыяктуу асыл сапаттарды даңазалаган бул улуу майрам боордош элдерибиздин ыйманын жана бакубаттуулугун арттырсын", - деп айтылат Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында.
Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоев да өз куттуктоосун жолдоду.
"Мусулман дүйнөсүндө чоң кубаныч жана бакыт менен майрамдалган даңазалуу Курман айт майрамы менен Улуу урматтуу сизди, бардык жакындарыңызды жана боордош кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктайм.
Биздин дос элдердин акыркы жылдары бекемделип жаткан тарыхый ынтымагы жана биримдиги, тынчтыкты, бейпилдикти жана өз ара ынтымакты даңазалоого багытталган бул майрамдын маанисине шайкеш келет.
Сиз менен бирге жасалган иштердин жана биздин жалпы умтулууларыбыздын натыйжасында боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар ар тараптан бекемделип, ал эми боордош өлкөлөрдүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары да күчөп, өнүгө берет деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо катында.
Учурдан пайдаланып Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө чың ден соолук жана бакыт каалады.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз элине тынчтык жана коопсуздук, бакубатчылык жана туруктуу гүлдөп өнүгүүнү каалаган.
"Куттуу Курман айт майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана жакшы тилектерибизди кабыл алууңузду өтүнөм. Ушул бакытка толо күндөрдө сизге чың ден соолук, бакыт жана Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине -тынчтык жана коопсуздук, бакубатчылык жана туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.
Таза ислам дининин түбөлүк баалуулуктарын камтыган дүйнө мусулмандарынын бул ыйык майрамы кылымдар бою элдерибиздин ынтымагына, биримдигине жана тилектештигине өбөлгө болуп келет.
Анын бийик руханий идеалдарына ылайык, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулук жана жаратман кызматташтык мамилелери мындан ары да өсүп-өнүгүп, элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы мазмун менен байытыла берет", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Ошондой эле Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов: "Куттуу Курман айт майрамына карата Сизге жана өлкөңүздүн бүткүл элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана тынчтык менен гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду жолдойм. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшү мындан ары да жалпы мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн бекемделишине өбөлгө болот деп терең ишенем", - деген билдирүүсүн жолдогон.
Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстанга - мындан ары алгалай берүүнү жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.
"Мааниси зор болгон Курман Айт майрамына карата Египет Өкмөтүнүн жана элинин атынан Улуу Урматтуу Сизге жана боордош кыргыз элине зор кубаныч менен эң жылуу куттуктоолорумду жолдойм, Жараткандан биздин эки элибизге жана бүткүл мусулман үммөтүбүзгө жакшылыктарын жана соопторун берүүсүн тилейм.
Диний мааниси терең Курман Айт майрамы учурунда дүйнө жүзүнөн миллиондогон мусулмандар чогулуп, ыйык ажылыкка барып, Алла Таалага берилгендигин жана кебелбестигин көрсөтүшөт жана бүткүл адамзатка биримдиктин жана бир туугандыктын руханий кайрылуусун таратышат. Мына ушул рух мындан ары да биздин аракеттерибизди мусулман үммөтүнүн үмүт-тилектерин ишке ашырууга багыттайт деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо катында.