Депутат Акылбек Түмөнбаев: "Сооронбай Жээнбеков "экс-президент" макамына татыктуу эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттен берилип жаткан акчаларын эсептетип жатканын Азаттыкка берген интервьюсунда билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков "экс-президент" макамына татыктуу эмес. Бул боюнча ал өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрыларын айтты.

"Сооронбай Жээнбеков бүгүн "экс-президент" макамы менен резиденцияда жашайт. Ал мамлекеттен жансакчы алып, тамактанып, мамлекеттин акчасы менен жүрөт. Мамлекеттин акчасын бир эле өзүнө жумшап жатабы же туугандарына да мамлекеттик жеңилдик берилгенби. Мен азыр ушунун баарын эсептетип, тактап жатам. Мен бул боюнча маселени Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрөм. Ажобуз Садыр Жапаровго да кайрылам. Анткени Сооронбай Жээнбеков "экс-президент" макамына татыктуу эмес", - деди Акылбек Түмөнбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан