Казакстанда тез тамактануучу жайдан уулангандардын саны 58ге жетти

Кечээ, 28-июнда Казакстандын Кентау аймагында массалык уулануу катталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бейтапканага 58 жаран жардам сурап кайрылган, алардын 27си балдар болгон. Жабырлануучулардын бардыгы тез тамактануучу кафеден тамактанышкан. Учурда уулангандардын 19у инфекциялык бөлүмдө дарыланып жатканы, алардын абалы орточо оор экени айтылууда. Ал эми аталган кафеге карата лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетованын айтымында, окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.

Эске салсак, былтыр дагы аталган аймакта массалык уулануу катталган. Анда ооруканага 168 адам кайрылган. ЖМКлардын маалыматына караганда, былтыр жабыр тарткандар да аталган кафеден ууланышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан