Швецияда Курман айт майрамында Куран китеби өрттөлдү

Кечээ, 28-июнда Швециянын борбору Стокгольмдогу башкы мечиттин алдында белгисиз жаран Куран китебин өрттөдү. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуяга 200дөн ашык адам күбө болгон. Ал эми мындай аракетке нараазы болгондор “Кудай улук” деп кыйкырышып, китепти өрттөгөнгө таш ыргытууга аракет кылышкан. Бирок полиция кызматкерлери аларды кармап кеткен, себеби Куран китебин өрттөгөнгө полиция кызматы өзү уруксат берген.

Ал эми Стокгольмдогу башкы мечиттин имамы Махмуд Хальфи Курман айт майрамында мындай акциянын уюштурууга уруксат бергени үчүн полиция кызматына нараазычылыгын билдирген:

Жыл сайын мечитке Курман айт күнү 10 миңден ашык адам келет. Полиция кызматы акцияны башка жерде деле уюштурса болмок, бирок алар андай кылууну ойлонушкан жок”,- деген ал.

Белгилей кетсек, Швеция буга чейин НАТОго мүчө болуу ниетин билдирген. Бирок Түркия Швецияны “террорчу” деп эсептеген адамдарга башпаанек берип жатат деп айыптап, аларды экстрадициялоону талап кылуу менен НАТОго кошулуусуна каршы чыккан.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээки окуя боюнча социалдык тармактагы баракчасында пикирин билдирип, исламга каршы нааразылык акцияларына жол берүүнүн кабыл алынгыс экенин айтты. Фидандын пикиринде, сөз эркиндигин шылтоолоп исламга каршы аракеттерге жол берилбеши керек. Ошондой эле министр мындай ыплас иштерге көз жумуп коюу кылмышка кошо аралашууну билдире турганын белгиледи.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн орун басары Ведант Пател диний тексттерди өрттөө “урматсыздык жана кемсинтүү” экенин билдирип, окуя боюнча мыйзамдуу болгон нерсенин баары ылайыктуу эмес экенин кошумчалаган.

Эске салсак, 2023-жылдын башында оңчул, "Катуу курс" партиясынын лидери Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куран китепти өрттөп жиберген. Саясатчы өз сөзүндө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды сындап, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын да көрсөткөн. Палудандын мындай аракети эл аралык чыр-чатакка себеп болуп, Түркия Швециянын НАТОго кирүү өтүнүчүн колдобой турганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан