Белгилүү футболчу Лионель Месси "Коргоочулар" аталышындагы аргентиналык сериалга тартылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Футбол жылдызы аталган сериалдагы эпизоддордун биринде кадимки Лионель Месси болуп роль жараткан. Сюжетке ылайык чыгашага учурап калган 3 футбол агенти Месси менен жолугушуу өткөрүп, ага ар күнү өздөрүнүн жаңы клубунда оюн көрсөтүп турууну сунушташат. Бул жол менен алар бардык чыгашасын жабууну көздөшөт. Бирок алардын жеке кызыкчылыгын байкаган Месси сунушка макул болбой, агенттердин бирөөсү менен тартыша кетет.
Айрым маалымат булактары аталган сериал 2022-жылдын июль айында Парижде тартылганын жазышкан.
Белгилей кетсек, Лионель Месси бул жылы "ПСЖ" менен келишимин жыйынтыктап, АКШнын "Интер Майами" клубуна өткөн.