Унаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Франциядагы башаламандыкта 150 адам кармалды

Францияда 17 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийинки башаламандыкта 150 адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кечээ Париждеги башаламандыкта унаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Полиция кызматы тартип бузган деген шек менен 150 тургунду кармаган.

“Мэриянын имараттарына, мектептерге жана комиссариаттарга кол салуу болуп, аларды өрттөштү. 150 адам камакка алынды”, - деп билдирди Франциянын ички иштер министри Дарманен социалдык тармактагы баракчасында.

Эске салсак, шейшемби күнү Нантер шаарында Наэл М. аттуу теги алжирдик болгон 17 жаштагы өспүрүм жол эрежесин бузганы үчүн патрулдук полиция кызматкери тарабынан токтотулуп, атып өлтүрүлгөн.

Полиция кызматы адегенде Наэл аларды унаасы менен сүзүүгө аракет кылганын, андан соң ага ок чыгарууга туура келгенин билдирген. Бирок AFP агенттиги тарабынан тастыкталган видеодо окуя башкача көрүнгөн.

Көп өтпөй полиция кызматкерлеринин аракетине нааразы болгон Париждин тургундары баррикадаларды куруп, полиция кызматкерлерине фейерверк атып, ондогон унааларды өрттөшкөн. Жыйынтыгында 24 полиция кызматкери жаракат алган.

Ал эми ок чыгарган полиция кызматкерине "атайылап киши өлтүрүү аракети" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан