Азербайжан өлкөсү дүйнөгө, кооз табияты, тарыхка бай аймагы, ооруга шыпаа булак-суулары жана өзгөчө килемдери менен белгилүү. Бекеринен бул өлкө Түштүк Кавказдагы "Бейиш" деп аталбаса керек. Ал эми экономикалык чөлкөмдө мунай жана газы менен дүйнө мамлекеттеринин арасында мактана аларлык орунда турат.
Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиев тууралуу кеп кылабыз. Анда сөз башынан болсун...
Илхам Алиев - Азербайжандын учурдагы президенти
Саясатчы менен дарыгердин баласы
Илхам Гейдар оглы Алиев (азербайжан тилинде) 1961-жылы 24-декабрда Азербайжандын борбору Баку шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Азербайжандын үчүнчү президенти, белгилүү саясатчы Гейдар Алиевдин уулу. Илхам төрөлгөндө Гейдар Алиев өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитетинин Контрчалгындоо башкармалыгын жетектеп турган. Ал эми апасы Зарифа Алиева көз оорулары боюнча тажрыйбалуу дарыгер, Азербайжан ССРинин Илимдер академиясынын академиги, профессор болгон. Илхам үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү. Андан улуу Севиль аттуу эжеси бар.
Институтта өткөн 15 жыл
Илхам 1977-жылы Бакуда орто мектепти аяктап, Москвадагы Эл аралык мамилелер боюнча мамлекеттик институтка (МГИМО) тапшырган. Эң кызыгы ал ошол кезде 15 гана жашта болгондуктан жарым жылдан кийин 16 жашка чыгат деген маалым каттын негизинде гана окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк алган. 1982-жылы бакалаврды артыкчылык менен аяктап, ошол эле институтка аспирантурага тапшырат. Ал эми 1985-жылы кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин институт жетекчилигинин көзүнө түшүп, окутуучулук кызматка калуу сунушун алган. Ошентип 1990-жылга чейин институтта Европа жана Америка тарыхы кафедрасында сабак берип калган.
Илхам Алиев МГИМОдо окуган эң белгилүү адамдардын бири. Анын студенттик билети азыркыга чейин окуу жайдын музейинде сакталуу бойдон. Ал институтта өмүрүнүн 15 жылын өткөргөн. Алгач катардагы студент, андан соң аспирант, кийин мугалим... Өзү телеканалдардын бирине берген интервьюсунда: "Окуумдун алгачкы жылдары бир аз оор болду. Компартиянын биринчи секретары болгон атам Гейдар Алиевдин уулу катары Москвада окуш чоң жоопкерчилик эле. Бирок мен атамды уят кылбай институтта да, аспирантурада да жакшы окудум", - деп айткан.
"Илхамдын жөнөкөйлүгүнө баа берем..."
Илхам Алиев менен институтта 15 жыл бою чогуу жүргөн жакын досу Владимир Штоль маектеринин биринде досу тууралуу эскерип, анын аракетчилдигине, сабырдуулугуна жана жөнөкөйлүгүнө баа берерин айткан.
"Биз көп жактан окшош болчубуз. Маданий жана спорттук иш-чараларга чогуу катышчубуз. Дискотекага чогуу барчубуз. Советтик музыкаларды бирге угар элек. Бир учурлар анын жашоосунда оор мезгил орун алды. Атасы кызматтан алынды. Бирок ал буга эч качан чөгүп, өзүн таштаган жок. Кийин президент болгон учурда да эч өзгөргөнүн байкаган жокмун".
Ал эми Илхам Алиевден сабак алган студенти Егор Андреев: "Илхам Гейдарович жапжаш мугалимдердин бири болчу. Ал биздин группаны алгачкы күнү эле өзгөчө ыкмасы менен окууга кызыктырып салган. Адатта мугалим менен студенттин ортосунда психологиялык тосмо болот. А бизде таптакыр андай жок болчу. Азыр дагы Илхам Гейдаровичке жолуксам өзүмдү президент менен эмес, МГИМОдогу агайым менен сүйлөшүп жаткандай сезем", - деген.
Жеке ишкерлик менен алектенген
Агартуучулуктан кийин Илхам Алиев акырындап жеке ишкерлик менен алектене баштаган. 1991-жылы ал "Ориент" аталышындагы фирманы жетектеп калат. Аталган фирманын ишмердиги Түркия менен байланыштуу болгондуктан Алиев 1992-жылы Түркияга көчүп кеткен. Ал эми Азербайжанга атасы Гейдар Алиев президенттик кызматка отурган 1994-жылы кайтып келген.
Нефти тармагында таанылган (саясаттагы алгачкы жылдар)
Илхам Алиев 1994-жылы "SOCAR" аталышындагы Мамлекеттик нефти компаниясынын вице-президенти болуп дайындалган. Ал мына ушул кызматта өзүн саясатчы катары мыкты жагынан көрсөтө алган. Атасы Гейдар Алиевдин "нефти стратегиясын" ишке ашырууда жакшы кызмат өтөгөн. Ошондой эле, "кылымдык келишимдер" деген аталыш менен тарыхта калган чет элдик компаниялар менен болгон ири келишимдердин жүзөгө ашышына чоң салым кошкон.
Бир жылдан кийин ал Азербайжандын Милли межлисине депутат болуп шайланган.
1997-жылы Улуттук Олимпиада комитетинин президенти кызматына дайындалып, Азербайжанда спорттун өнүгүшүн бир топ алдыга жылдырууга жетишкен. Анын мезгилинде өлкөдө бир катар спорттук мекемелер ачылган. Өлкөдө улуттук спорт түрлөрү кыйла жакшырган. Эл аралык Олимпиада комитети анын спортко кошкон салымын жогору баалап, уюмдун жогорку төш белгиси менен сыйлаган.
Президенттик такты
2003-жылы өлкө башчысы Гейдар Алиев ооруканага түшүп, Илхам алдыда боло турчу президенттик шайлоого атасы менен бирге катышуу чечимин кабыл алат. Көп өтпөй өлкө башчынын сунушу менен Илхам премьер-министрлик кызматка шайланып, өкмөттү жетектеп калат. Бирок президенттик шайлоого жарым айдай убакыт калганда өлкөнүн мамлекеттик телеканалы аркылуу Гейдар Алиевдин кайрылуусу жарыяланган. Анда ал, уулу үчүн шайлоодон талапкерлигин ала турганын билдирген. Ошол жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо өтүп, Илхам Алиев 79,46 пайыз добуш менен жеңип чыккан. Эл аралык байкоочулардын айрымдары шайлоо көптөгөн мыйзам бузуу менен өткөнүн белгилешкен. Алиевдин жеңишин оппозициялык талапкерлер тааныбай турганын билдирип, миңдеген адам наарызылык акциясына чыккан. Анда митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышып, көптөгөн адамдар жаракат алган.
Илхам Алиев андан бери 4 ирет президенттик шайлоону жеңип чыкты. Тагыраагы 2003, 2008, 2013 жана 2018-жылдары өткөн жарыштарда чон айырмачылык менен атаандаштарып утуп, өлкөнү узак убакыт башкарган журт башчыларынын катарын толуктап келет. Көпчүлүк саясат талдоочулар анын өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактап турганын айтып баа беришет. Бирок ошол эле учурда Алиевдин башкаруусун диктатура жана авторитаризм деп атагандар да жок эмес. Анткен менен 2018-жылы франциялык OpinionWay изилдөө институту жүргүзгөн сурамжылоодо катышкан азербайжандыктардын 85,1 пайыз президенттин ишмердүүлүгүнө оң баасын беришкен.
Сын-пикирлер
Илхам Алиевди бир катар эл аралык уюмдар авторитардык башкарууга, шайлоолордун жыйынтыгын бурмалоого, добуш сатып алууга, коррупцияга, адам укуктарын бузууга, сөз эркиндигин чектөөгө жана саясий атаандаштарын куугунтуктоого айыптап келишет. Британиялык "Эл аралык амнистия" уюму 2012-жылы жасаган докладында, Азербайжанда сөз эркиндиги бир топ кысымга кабылганын, президентти жана анын жакындарын сындагандарды көптөгөн коркунучтар күтүп турганын айтып чыгышкан.
Ал эми германиялык Transparency International көз карандысыз уюму 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөсүндө Азербайжанды коррупциянын аздыгы боюнча 168 өлкөнүн ичинен 119-орунга жайгаштырып, Алиевдин тушунда паракорчулук бир топ тамыр жайганын белгилешкен. Мындан тышкары, Илхам Алиевдин өлкөдөгү жана сырттагы мүлктөрүнө байланышкан да бир катар журналисттик иликтөөлөр жарыяланган. Көз карандысыз ЖМКлар аны ушул күнгө чейин үй-бүлөлүк башкарууга жол берген президент катары сындап келишет.
Үй-бүлөсү
Илхам Алиев 1983-жылы Мехрибан Пашаева аттуу айымга үйлөнгөн. Ал бүгүнкү күндө азербайжандын биринчи вице-президенти, Көркөм гимнастика федерациясынын жетекчиси, Гейдар Алиев атындагы фонддун төрайымы кызматтарын аркалап келет. Жубайлар 2 кыз жана 1 уулду тарбиялап өстүрүшкөн.
Улуу кызы Лейла Алиева (1984) комдук ишмер. Гейдар Алиев атындагы фонддун вице-президенти, "Баку" журналынын башкы редактору, Орусиядагы Азербайжан жаштар уюмунун төрайымы жана өлкөдөгү Йога федерациясынын президенти.
Экинчи кызы Арзу Курбанова (1989) кино тармагында режиссёр жана продюссер.
Ал эми уулу Гейдар Алиевди (1997) көпчүлүк атасынын ордуна келе турган болочок президент катары божомолдоп келишет.
Кызыктуу факты
Илхам Алиев дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулмандын катарына кирет. 2009-жылдан бери ар жылы жаңыланып турган бул китепте Борбор Азия чөлкөмүндө Алиевден тышкары Гурбангулы Бердимухамедов, Шавхат Мирзийоев жана Эмомали Рахмон да бар.