Бүгүн, 30-июнда "Келин" тасмасындагы Анандинин ролу менен таанылган актриса Авика Гордун туулган күнү. Төмөндө көпчүлүктүн эсинде "кичинекей келин" катары сакталып калган индиялык актриса тууралуу баяндайбыз.
Өмүр баяны
“Келин” сериалындагы Ананди ролу менен таанылган актриса Авика Гор 1997-жылы 30-июнда Мумбай шаарындагы Махараштра штатында туулган. Атасы Четна Гор менен апасы Самира Гордун жалгыз перзенти. Ал Мумбайдагы эл аралык Райан мектебин аяктаган. Авика Гор жергиликтүү басылмалардын “окууңузга карьераңыз терс таасирин тийгизбейби?” деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берген: «Сериалды тартуу иштери окуума терс таасирин тийгизген жок. Анткени дайыма сабактан кийин тартылчумун. Мектепте теӊтуштарым мага «жаш келин» деген ат коюп алышкан. Бул ат мени 9-классты бүткүчөктү ээрчип жүрдү. Бир ролго байланып калгым келбейт, алдыда эл билбеген башка таланттарымды ачкым келет. Анткени актриса ар тараптуу болуш керек».
Карьерасы
Таланттуу жана жаш актриса Авика Гор карьерасын 2008-жылы Colors Tv телеканалында көрсөтүлгөн “Келин” телесериалындагы Анандинин ролу менен баштаган. Бул сериалдын негизги өзөгү катары Индиядагы жаш балдардын никеге турушу жана коомдук үрп-адаттар эсептелет. Авиканын каарманы Ананди дагы өспүрүм убагында турмушка чыгат. Ананди жакшы тарбиясы, тырышчаактыгы жана улууларды сыйлай билгени менен кайын журтуна бат эле сиңип кетет. Авика Гор "Келин" тасмасындагы ролу тууралуу: "Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл менин аткаруума аябай кызыкканы үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем", - деп айткан маектеринин биринде.
“Келин” тасмасынан сырткары Авика “Таңкы сейилдөө”, “Мектеп” сыяктуу тасмаларда роль ойногон. "Meri Awaz Ko Mil Gayi Roshini", "Chalti Ka Naam Gaddi" жана "Karam Apna Apna" сериалдарында да талантын көрсөтө алган. Мындан сырткары, Авика Гор бир нече теле-берүүлөргө катышкан.
Мүнөзү
Авика Гор чыныгы жашоосунда дагы Анандиге окшош ачык, шайыр кыз экени айтылат. Ал белгилүү модель жана Болливуддун атактуу актрисасы болууну кыялданарын бир нече жолу айткан. Ошондой эле индиялык актриса келечекте Дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууну максат кылып жүрөт. Авика Гор тасмага тартылуудан сырткары китеп окууну, сууда сүзүүнү жактырат.
Сыйлыктары
Авика Гор чыныгы атактуулукка жана калктын сүймөнчүлүгүнө Анандинин ролу аркылуу жеткен. 2008-жылы Анандинин образы үчүн Indian Telly Awards сыйлыгынын “Мыкты жаш баланын ролу” категориясы боюнча жеңүүчү болгон. Ушул эле сыйлыкты ал 2009-2010-жылы дагы алып, хет-трик жараткан. 2008-жылы болсо Жапонияда өткөн эл аралык фестивалдан байгелүү кайткан. 2009-жылы Авика Ражива Ганди Улуттук премиясын алган.
Ал эми телугу тилинде тартылган "Уйяла Джампала" тасмасы үчүн 2013-жылы SIIMA сыйлыгын жеңип алган. Ошондой эле актриса 2018-жылы өткөн Канн эл аралык фестивалына өзүнүн кыска метраждуу тасмасы менен Индиянын атынан катышкан.
“Келин” сериалы тууралуу кызыктуу фактылар
“Келин” сериалы 1992-жылы Ражастандын тургуну тарабынан жазылган повесттин негизинде тартылган. Ражастандык жаран продюсер Санжай Вадх менен биригип, Индия кино тарыхындагы эң узун долбоорлордун бирин жараткан.
Сериал биринчи жолу 2008-жылдын 21-июлунда “Colors TV” телеканалында көрсөтүлө баштаган. Ал эми Кыргызстанда болсо аталган сериал 2015-жылы 23-мартта УТРК тарабынан элге тартууланган.
Авика Гор “Келин” тасмасынан 2010-жылы чыккан. Буга сериалда беш жылдан кийинки окуялар көрсөтүлө баштаганы жана Анандинин ролун жашы улуураак актриса ойношу керек болгону себеп болгон. Кийин Анандинин ролун Пратюша Банержи ойногон.
Авика Гор 2014-жылы ”KSH Films” жана “NTRK” компанияларынын чакыруусу менен Казакстанга келген. Анда ал күйөрманы менен жолугуп, ар кандай иш-чараларга катышкан. Баса, Казакстанга келген учурунда Авика Гор карды биринчи жолу көргөнүн айтып, аябай таң калган.
30-июндун жылнаамасы.