Хельсинки аэропорту көлөмү 100 миллилитрден ашык суюктуктарды ташууга коюлган чектөөнү алып салууга мүмкүндүк берди. Ошентип ал дүйнөдө биринчилерден болуп тыюуну алып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аэропортко компьютердик томография принцибинде иштеген сканерлер орнотулган. Аппараттар кол жүгүн текшерип, андагы суюктукту кылдат изилдеп, анын курамын аныктап, тыюу салынган заттарды аныктай алат. Эми жүргүнчүлөр эки литрге чейин суусундуктарды, балдардын тамак-ашын жана косметикалык буюмдарды эркин алып жүрө алышат.
Тыюу Хельсинки өткөрүү пункту болсо колдонула берет. Транзиттик жүргүнчүлөргө мурдагыдай эле талаптар коюлат.