Ирандын Систан-Белужистан провинциясында алты күндөн бери кумдуу бороондун кесепетинен 1191 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, провинциянын Забул, Зехек, Хамун, Хирменд жана Нимруз шаарларында кумдуу бороондон улам бейтапканага 1191 адам кайрылган, алардын бирөөсү каза болгону айтылды.
Ал эми Систан-Белужистан кризистик башкармалыгынын башкы директору Мажид Мохиббинин айтымында, кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү көз, дем алуу жана жүрөк оорулары менен жабыркап жатышат.
Белгилей кетсек, кумдуу бороон Иранда бир жумадан бери токтой элек. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жетип жатканы айтылууда. Бийлик өкүлдөрү жарандарды үйдө отурууну сунуштоодо.