АКШнын президенти Жо Байден телеканалдардын бириндеги маек учурунда, түз эфир бүтө электе кетип калып, дагы бир ирет коомчулуктун сынына кабылды. Аталган көрүнүштүн видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.
Анда Жо Байден MSNBC телеканалына түз эфирде маек берген. Эфирдин аягында алып баруучу өлкө башчысына келип бергени үчүн ыраазычылыгын билдирген. Байден ордунан акырын туруп, алып баруучу менен кол алышкан соң эфир бүтө электе эле студиядан чыгып кеткен.
Бул АКШ президенти кабылган алгачкы одоно көрүнүш эмес. Ал кызмат адамдарынын аттарын унутуп, тепкичтен жыгылып жана башка ушул сыяктуу ыңгайсыз абалдарга байма-бай түшүп келет.
Белгилей кетсек, Жо Байден Кошмо штаттардын 46-президенти. Ал учурда 80 жашта.