29 жыл лабораторияда жашаган шимпанзе асманды көрүп таң калды (видео)

Интернетте лабораториялык тордо 29 жыл жашаган шимпанзенин биринчи жолу асманды көрүп таң калган видеосу тарап жатат.

Маалым болгондой, Ваниль аттуу шимпанзе 29 жыл Нью-Йорктогу биомедициналык лабораторияда жашаган. Бирок бир нече соттошуудан кийин жаныбарлардын укугун коргоочулар аны Флоридадагы жапайы жаратылыш коругуна көчүрүшкөн.

Шимпанзеге 20 жылдан ашык убакыт бою ВИЧке жана гепатитке каршы дары-дармектер текшерилип турган.

«Бул коркунучтуу лаборатория жана жаныбарлардын укук коргоочулару ага каршы ондогон жылдар бою нараазылык билдирип келишкен. Бул жер тозоктун тешиги деп аталып калган", - деп билдирген “Шимпанзени коргоо” уюмунун башчысы Дэн Мэттьюс New York Post гезитине.

Ошондой эле Меттьюс Ванилдин келечеги чоң экенин, ал корукта дагы 30-40 жыл жашай ала турганын кошумчалаган.

29 жыл лабораторияда жашаган шимпанзе биринчи жолу асманды көрүп таң калды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан