Түштүк Кореянын жарандары 1-2 жашка "жашарды"

Түштүк Корея адамдын жашын эсептеген салттуу системадан баш тартып, анын ордуна кабыл алынган эл аралык эсептөө ыкмасына өткөндүгүнө байланыштуу жарандар 1-2 жашка жашарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жарандардын 1-2 жашка жашаруусуна 28-июнда өлкөнүн салттуу саноо ыкмасынан эл аралык жашты эсептөө ыкмасына өткөнү себеп болгон.

Корейлердин күнүмдүк турмушунда кеңири колдонулган жаш курак системасына ылайык, адамдар жаңы төрөлгөн учурда бир жашта деп эсептелип, 1-январда алардын жашына бир жыл кошулат. Мындайча айтканда, жарандар башка өлкөлөрдөй туулган күнүндө эмес, Жаңы Ай календарына карата 1-январда жаңы жашын белгилейт. Бул 31-декабрда төрөлгөн бала 1-январда эки жашка чыгат дегенди билдирет.

Ал эми төрөлгөндө 0 жаш, ар бир туулган күн сайын 1 жаш кошуп эсептөө ыкмасын Түштүк Кореяда 1960-жылдан бери медициналык жана юридикалык тармактар үчүн гана колдонуп келген.


Мындан тышкары, аталган өлкөдө аскерге чакыруу, мектепке баруу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана тамеки чегүү үчүн жаш куракты эсептөөдө колдонулган дагы бир жаш системасы бар. Ал системага ылайык адамдын жашы төрөлгөндө нөлдөн баштап эсептелинет жана 1-январда бир жыл кошулат. Бийлик өкүлдөрү бул ыкма азырынча улана турганын билдиргени айтылууда.

Белгилей кетсек, айрым Азия өлкөлөрү үчүн салттуу болгон жашты эсептөө системасы байыркы Кытайдан келген. Салттуу ыкма менен жашты эсептөө Япония менен Вьетнамда салттуу ырым-жырымдарда жана диний процесстерде колдонулат.

Эксперттердин пикири боюнча Түштүк Кореяда бул система Кореянын иерархия маданиятынын аркасында сакталып калган, себеби аталган өлкөдө адамдардын бири-бири менен болгон мамилесинде жаш курагы негизги ролду ойнойт.

Түштүк Кореянын Юридикалык министрлигинин башчысы Ли Ван Гюнун айтымында, адамдардын 1-2 жашка кичүү болгону коомго оң таасирин тийгизет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан