"Заман талабынан артта калбай ..." Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна старт берди

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда Асман шаарынын курулушуна расмий түрдө старт берилди. Президент Садыр Жапаров аталган иш-чарага катышып, шаардын курулушуна капсула салды.

"Заманбап шаардын курулушун колдоо менен биз улуу максаттарыбызга ынтымак менен гана жетерибизди, ой-кыялдарыбызды реалдуулукка айланта аларыбызды далилдеп турабыз. Азыркы тапта дүйнө өлкөлөрү акылдуу шаарларды курууга умтулуп жатканын эске алсак, заман талабынан артта калбай акылдуу шаар куруу долбоорубуз кубаттоого арзыйт. Бул долбоорду ишке ашыруу менен биз Ысык-Көлдүн жээгинде иновациялык шаар куруп, экономикалык жана туристтик борборго ээ болобуз. Асман шаары чыгыш менен батышты, түндүк менен түштүкту байланыштырган финансылык борбор болуп калат. Бул шаар бүтүп ишке кирип кетсе, бүгүн Кумтөр жалпы мамлекетибиздин экономикасын кандай алдыга жылдырып жаткан болсо, бул шаар да бүткүл өлкөбүздү экономикалык жактан локомотиви болуп алдыга сүйрөп кетет", - деди Садыр Жапаров иш-чарада.

Белгилей кетсек, заманбап Асман шаарынын курулушу толугу менен алдыңкы 10 жылдыкта бүтөрү пландалууда. Садыр Жапаров шаардын курулушу толук түрдө инвесторлордун эсебинен жүрүп жатканын белгилеп келет.

Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна старт берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан