Бишкек электр тармактар ишканасынын директору болуп Азамат Паизов дайындалды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматы билдирет.
Белгиленгендей, “Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Азамат Паизовду ишкананын жамаатына менен тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.
Ал эми Азамат Паизов ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга болгон күч-аракетин жумшаарын белгиледи.
Ал буга чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору кызматын аркалаган. Анын ордуна Сүйүнбек Усенов дайындалганы кабарланды.