Жалал-Абад электр тармактар ишканасына жаңы директор дайындалды

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп Сүйүнбек Усенов дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Кабарлангандай, ал бул убакытка чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган. Ал эми аталган ишкананын мурдагы директору Азамат Паизовдун башка жумушка которулганы айтылды.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 1885 кызматкер иштейт, жалпы облус боюнча 253 миң 73 абонент бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан