Казакстандын Алматы шаарында 9 жаштагы баланы жылан чагып каза болду. Бул тууралуу облустук саламаттыкты сактоо кызматына таянып казак басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, 27-июнда саат 13:35те райондук оорукананын тез жардам бөлүмүнө жылан чаккан деген диагноз менен 9 жаштагы бала оор абалда түшкөн.
Ага ылайык, бала жандандыруу бөлүмүндө детоксикация дарылоосун жана жыландын уусуна каршы кош сыворотканы алган.
Дарыгерлердин айтымында, бейтап жандандыруу бөлүмүндө «клиникалык протоколго ылайык» дарыланган.
Бирок өз убагында интенсивдүү реанимация көрсөтүлгөнүнө карабастан, 29-июнда биологиялык өлүм катталган.