Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир 2-3-июль күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен болууда.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-малайзия мамилелердин бардык спектрин, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдештирүү маселелерин талкуулоо максатында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан