Орусияда Пригожиндин бир канча маалымат сайттары иштебей калды

Роскомнадзор (РКН) Евгений Пригожинге таандык "Патриот" медиа тобуна кирген бир канча маалымат сайттары иштебей жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, РИА Федералдык маалымат агенттигинин сайтына (riafan.ru), "Политика сегодня" (polit.info), "Экономика сегодня" (rueconomics.ru), "Невские новости" (nevnov.ru) жана "Народные новости" (nation-news.ru) сайттарына кирүүгө чектөө коюлду.

"Учурда аталган медиа топтун бардык сайттары иштебейт. Алар ким тарабынан өчүрүлгөнү белгисиз. Бул тууралуу реестрге катталган эмес", - деп жазды Интерфакс.

Белгиленген маалымат каражаттары "Патриот" медиа тобуна кирет. Роскомнадзор кызматынын маалыматы боюнча аталган медиа Орусияда да иштебей жатат.

"Патриот" медиа тобу 2019-жылы түзүлгөн. Аны бизнесмен Евгений Пригожин жетектейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан