Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Замбри Абдул Кадирдин эки тараптуу жолугушуусу өттүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.
"Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен соң тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйындар залына бет алышты", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча кечээ, 2-июлда Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бул анын өлкөгө болгон алгачкы сапары.
Расмий сапардын алкагында Малайзия ТИМ башчысынын Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылган.