Депутат Айсаракан Абдибаева Кыргызстандын аймагында сом менен гана соода жүгүртүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштады. Документ парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Маалым болгондой, мындай мыйзам долбооруна акча массасынын түзүмү жана сомдун жүгүртүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү абдан чоң роль ойногону жана өлкөдөгү бардык экономикалык процесстерге олуттуу таасирин тийгизгени себеп болгон.
Ошондуктан улуттук валютанын статусун мыйзамдык жөнгө салуу, акча жүгүртүү тартибин белгилөө, ошондой эле мамлекеттин акча-кредит саясатынын негиздерин аныктоо зарылдыгы бар экени айтылган.
“Азыркы учурда республикада ички соода, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автотранспорт, кредиттер, турларды уюштуруу чет элдик валютада ишке ашып жатканы байкалууда, бул биздин улуттук валютабыз «сомго» басымдын күчөшүнө өбөлгө түзүүдө. Насыя берүү системасында турак-жайды бөлүп-бөлүп сатып алууда өлкөдө валюта курсу кескин секирип кеткенде же валюта курсу жасалма түрдө көтөрүлгөндө жарандар карыздарын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болушат”- деп жазылган долбоордо.
Ошондой эле долбоордо интеграциялык процесстерди эске алуу менен улуттук валюта алтын запастары менен эл аралык статуска жана эл аралык деңгээлдеги жүгүртүүгө ээ боло алары баяндалган.