Сауд Арабияда уруксатсыз ажылык кылууга аракеттенген 17 миңден ашык адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Өлкөнүн Ажылык коопсуздугу комитетинин жетекчиси Мохаммед Аль-Бассами билдиргендей, жалпысынан 17 миң 615 адам кармалса, мыйзамсыз ажылык компанияларын уюштурган 105 мекеме аныкталган.
Алардын бардыгы прокуратура кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени айтылды. Ошондой эле 200 миңден ашык адам мыйзамсыз ажылык сапарга келгени үчүн Мекке шаарынан кайра өз өлкөлөрүнө кайтарылганы маалымдалды.
Эске салсак, өткөн аптада Сауд Арабиянын Мекке жана Медина шаарларында ар жылы өтүүчү ажылык иш-чарасы болуп өттү. Ага 2 миллионго жакын адам катышкан. Өлкө бийлиги коронавирус пандемиясы жайылган жылдан бери алгачкы жолу мындай көп санда адам катышкан ажылыкка уруксат берди.