Нарында экскаватор менен сууга кулап кеткен 68 жаштагы жаран изделүүдө

2-июлда Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жаран изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан мезгилде 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу жаран экскаватор менен сууга кулап кеткен.

Жерине Нарын шаардык жана райондук №16 ӨККБдан 5 куткаруучу, Нарын РИИБинен 3 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, 1 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик КамАЗ жана 1 бирдик экскаватор тартылган.

Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн кайрадан №16 ӨККБдан 19 куткаруучу издөө иштерине чыгышты.
Ошондой эле суу чарба башкармалыгынан 25, ИИБден 5 адам жана жалпы 10 инженердик техника тартылды. Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан