"Бишкекке иштегени кеткен". Ысык-Көлдө 42 жаштагы Кубанычбек Бейшеев 1 жарым жылдан бери дайынсыз болууда

Ысык-Көл облусунун 42 жаштагы Кубанычбек Бейшеев аттуу тургуну дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу анын иниси, Тоң районунун Ак-сай айылынын тургуну Бакытбек Бейшеев ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды.

Маалыматка караганда, Кубанычбек Бейшеев 2021-жылы февраль айынын ортолорунда айылдан Бишкекке жумуш издеп кеткен.

"2-3 жолу досторум менен жүрөм деп байланышкан. Достору менен 2-3 күн жүрүп, мага жолугуп кеткен. Ошол бойдон жок, өзү ичип жүргөн. Келип калат го деп күттүк, келген жок. Бир жарым жылдан бери издеп жатабыз. Бош болуп калганда Бишкекке барып издеп коюп жатам. Ичип бир жакта жүрөбү же бирөөнүн колунда иштеп жатабы деп ойлоп жатам. Кудай өзү кечирсин деп төлгөчүгө чейин бардым. Алар "Чүй тарапта иштеп жатат" деп айтып жатышат. Милицияга да кайрылганбыз", - дейт ал.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү Кубанычбек Бейшеевди таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0500 82-02-23, 0700 65-56-80.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан