Максим Горький сейил багындагы үй-жайсыз жарандар боюнча Бишкек шаардык мэриясы тийиштүү чараларды көрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриядан билдиришти.
"Аталган жарандарды алгач милиция кызматкерлери чогултуп алып келет. Андан соң мэрия керектүү чараларды көрөт", - деп айтылды мекемеден.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аталган сейил-бакка жууркан-төшөктөрү менен келип алган үй-жайсыздардын видеосу тараган.