Бишкектин борборундагы Максим Горький атындагы сейил бак селсаяктар жашоочу жайга айланды. Бул тууралуу журналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирип, видеосу менен бөлүштү.
"Мына бул шаардын чок ортосундагы Горький паркы "селсаяктардын конок үйүнө" айланды. Аксакал мэр чай берип келсин, шаардын ээси эмеспи", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, "Максим Горький" атындагы сейил бак Насирдин Исанов жана Муратбек Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аталган жай 2020-жылы шаардык мэрия тарабынан оңдоп-түзөөдөн өтүп, шаар тургундарына пайдаланууга берилген.