Amazon'ду багындырган Эсен Сагынов: "Университетти атам насыя алып окуткан"

Эсен Сагынов - Кыргызстандагы "Mancho Devs" IT компаниясынын негиздөөчүсү. Ал Түштүк Кореядагы Naver интернет компаниясында иштеп, дүйнөнүн IT гиганты болуп саналган Amazon компаниясынан тажрыйба топтоп келген. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыргыз баласы кантип мындай ийгиликке жетишкенин билүү үчүн Эсен мырза менен баарлаштык. Ал бизге кесиби, билими тууралуу кеп козгоп, тажрыйбалары, учурдагы долбоорлору, өлкөдөгү IT курстар жана жогорку окуу жайлардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маек курду.

Караколдо туулгам

- Мен 1987-жылы 24-февралда Каракол шаарында туулгам. Негизи ата-энем Түп районунун Ой-Булак деген айылынан болушат, кийинчерээк ата-энем Караколдо иштеп калышкан экен. Биринчи билим алган мектебим Ленин атындагы мектеп-гимназиясы болгон. Бул мектеп менин келечегим үчүн мыкты шарт түзүп берди десем болот, себеби сабактарда англис тилине басым жасалчу. Ал жакта 6-класска чейин окудум дагы, андан кийин окуумду Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде уланттым.

Жүрөгүм информатикага тартыла берчү

- Лицейге келгенге чейин англис тилин билүү деңгээлим жакшы болгону үчүн англис тилинен олимпиадага даярдана турган болдум. Бирок компьютерге кызыгып, компьютер турган кабинетке баргым келе берчү. Мен англисче окуп жатканда, башка теңтуштарым компьютерде ойноп жатышса, өзүмдү аябай жаман сезчүмүн. Менин да компьютерди карап, оюн ойногум келчү. Жүрөгүм информатика жакка тартып жатты. Анан информатика боюнча сынакка катышып, башкаларга караганда жакшы жазганым үчүн ушул сабак боюнча олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Ошентип облустук олимпиадада биринчиликти алгам. Азыр ойлоп карасам, менин программист болом деген ниетим 7-классымда эле калыптанган экен.

Университетти атам алган насыя менен окудум

- Лицейди аяктагандан кийин БААУга (Борбор Азиядагы Америка университети) тапшырдым. Бул университетте окуу акысы 600 доллар болчу, бул менин үй-бүлөм үчүн аябай кымбат эле. Бирок атам насыя алып, бир жагынан иштеп, экинчи жагынан менин окуумдун акысын төлөп жатып университетти аяктадым.

Программалоо жаатында билим алуу үчүн эң биринчи компьютер керек. Мен алгачкы компьютеримди 3-курсумда алгам. Аны да апам насыяга алып берген болчу. Азыр айрым студенттер “компьютерим жок, кантип IT де окуйт элем” деп калышат го, мен 2 жыл компьютерсиз эле билим алгам. Алгачкы компьютеримди 3-курсумда, апам алган насыяга сатып алгам. Андан кийин алгачкы эмгегимди жасап, программалоо дүйнөсүнө кире баштадым.

Менин биринчи продукциям Кыргызстандагы биринчи “Тилчи” деген электрондук сөздүк болчу, “кыргызча-орусча, орусча- кыргызча” Юдахиндин сөздүгүнүн электрондук варианты эле. Аны Билим берүү министрлигине, өкмөткө, мектептерге сата баштадым. Ал учурда баары диск колдонушчу. Эсимде, көчүрмө болуп калбасын деп ар бир дискке сериялык код жазып чыккам.

Кореяда өмүр бою калам деп ойлогом

- 4-курсту аяктап жатып AIESEC деген уюмга ыктыярчы болуп кирип, ошол жакта 1-2 жыл жүрүп калдым. Кийин уюм аркылуу Венгрияга бардым. Бирок 4 айдан кийин Кореядагы тааныштарым окууга чакырып калышты. Мен негизи БААУда программалоо жана бизнес башкаруу тармагы боюнча окугам. Алар мага бизнес жаатында боюнча билим алууну сунуштап калышты. Ошентип Кореяга барып, 9 жылымды ошол жакта өткөрдүм. Кореяда бир жыл интенсивдик курста окудум, андан кийин Naver деген Түштүк Кореянын эң алдыңкы интернет компаниясында иштеп калдым. Мага Корея абдан жаккан, ушул жакта эле өмүр бою иштесем керек деп ойлочумун. Бирок 2015-жылы Amazon'го маектешүүгө барып, ал оюм такыр башкача болуп өзгөрдү.

Amazon көп нерсе үйрөттү

- 2015-жылы Amazon'го маектешүүгө бардым. Мен ал жакка дүйнөдө интервьюлар кандай болот экен, кандай суроо беришет экен деп эле кызыгып баргам. 5 саат маектешүү болду, бир жумадан кийин жумушка кабыл алынганымды айтышты. Аябай ойлондум, үй-бүлөм менен кеңештим, анан АКШда иштөө мүмкүнчүлүгүн колдонуп калайын деп визага тапшырдым. Бирок АКШнын элчилиги виза берүүдөн баш тарткандыктан, Amazon башка өлкөдөгү филиалдарынын бирөөсүн тандоону сунуштады. Башында Дублин шаарына баргым келген, бирок ал жактагы долбоорлор жакпагандыктан Канададагы Ванкувер шаарын тандадым. Ал жакта эки тайпа менен иштедим, көп нерсе үйрөндүм. Азыркы компаниямдын принциптери, иштөө тартиптеринин баары ошол жакта үйрөнгөндөрүмдүн негизинде түзүлгөн.

Компаниябыз калктын жашоосун жеңилдетүүнү максат кылат

- Коронавирус учурунда Кыргызстанга келип калдым. Туугандарым "бул жакта жүргөндө долбоорлоруңдун бирөөсүн кылып көрбөйсүңбү?" деп сунуштап калышты. Анан "Medcheck" тиркемебиздин дизайнын жасап, биздин "Mancho Devs" компаниябыз түзүлүп калды. Тиркеме бейтаптар дарыгерлерди, ар кандай ооруканаларды бир жерден издегенге мүмкүнчүлүк берет. Кайсы бир дарыгердин кесибин же оорунун белгилерин жазса тиркеме өзү эле таап берет. Мындайча айтканда, ооруган адам дарыгерге көрүнүү үчүн сөзсүз Бишкекке келбей деле, региондо туруп байланыша алат. Бул тиркеме менен биз калктын жашоосун жеңилдетип, дарыгерлерди маалымат менен камсыз кылгыбыз келет. Ошондой эле тиркемеде дарыгерлердин интервьюлары, бекер сабактар, ар кандай тесттер жана башкалар бар. Дарыгерлер тестке катышып, упай топтоп, ар кандай белектерди алса болот. Баса, жакында алгачкы республикалык фармацевтик конференция уюштурдук, ага бир нече мыкты фармацевттер катышты.

Ал эми экинчи долбоорубуз "Quickpay" деген терминалдар. Азыр ушул долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз, биз долбоорду алгандан бери "Quickpay" кыйла өнүктү, компаниябыз 100 адамдан ашты. Айына 700 миңдей адам биздин терминалдарды колдонот. Негизги максатыбыз да кардарлар комиссия төлөбөй, акчаларын бекер которсо дейбиз. Жакында электрондук капчык кылсакпы деп үстүнөн иштеп жатабыз.

Негизи биздин компаниянын максаты чет өлкөдөн, Amazon'дон үйрөнгөн билимди, дүйнөнүн эң алдыңкы фирмалары, стартаптары колдонгон жаңы, коопсуздук жагынан алдыдагы технологияларды үйрөнүп, өзүбүздүн балдарга үйрөтүп, жеке продукцияларыбызды чыгаруу болуп саналат.

Кыргызстанга кайтып келем деп ойлогон эмесмин

- Кыргызстанга келем деген оюм жок болчу, бирок насип экен. Эки-үч жолу кетейин дегенде болбой калды, анан өз өлкөмдө калышым керек экенин түшүндүм. Негизи азыркы билимимдин баары чет өлкөдөн топтогон тажрыйбанын аркасында, бул нерсеге баа бериш керек. Ойлоп карасам, азыр Кыргызстанда кылып жаткан нерселерди мен чет өлкөдө кыла албайт элем. Алсак, Amazon'до 7-8 адам менен иштейсиң, өз айлыгына үй-бүлөңдү багасың. Кыргызстанда болсо 100 адам менен иштеп, 100 үй-бүлөнү багууга себепчи болуп жатасың. Бул жакта биз 700 миң адамдын 2 миллиард сомдон ашык акчасын бир жерден экинчи жерге жеткире алган көлөмдүү жумушту иштетип жатабыз.

Айрым IT курстардын билим сапаты төмөн

- Азыр IT тармагында окуткан ар кандай курстар көбөйүп кетти. Ал курстарды ачкандар мындай кадамга аргасыздан барып жатышат, аларды деле түшүнсө болот. Бирок профессионалдуулук жагынан карасак, айрым курстар берген билимдин сапаты начар. Себеби өздөрү бир курста окуп алып эле, кайра башкаларга үйрөтүп жатпайбы. Айрымдары 3 айдан кийин 1000 доллар аласың деген жалган нерселерди айтышат экен. Биз 4 жыл окуп, 10 жыл иштегенден кийин кээ бирлерибиз 1000-2000 доллар алабыз, 3 ай окугандар кантип мындай жогору суммадагы маянага ээ болушсун?! Тилекке каршы, ошондой жарнамаларга ишенип, ата-энесин кыйнап, бирок курсту бүткөндөн кийин эч нерсеге жарабаган адистер да кездешип жатат.

Адис болуудан мурун адам болуш керек

- Университетте окуу же курстарда окуу деген чоң тема. Албетте, курстарда окууну мен жокко караганда жогору деп баалайт элем. Бирок эске алчу жагдайлар да бар. Менимче, адис болуудан мурун адам болуш керек. Себеби 4-5 айда сен адам боло албайсың, 4 жыл университетте окугандын билимден башка дагы таасири бар. Алсак, университетте сен адамдар менен сүйлөшүп, алар менен бир бөлмөдө иштегенди, аларга кандай мамиле жасоо керектигин, конфликттен кантип чыгууну үйрөнөсүң, жоопкерчилик деген нерсени сезесиң.

Бизге 17-18 жаштагы балдар тажрыйба топтоо үчүн келишет, бирок бир жумага жетпей эле жумуш жакпай калды же башка жумушум чыгып калды деп жумушка келбей коюшат. Себеби алар жумуштун жоопкерчилик экенин сезе беришпейт.

Менимче, көп балдар курста окуп эле иштегени үчүн көп нерсеге даяр эмес. Көпчүлүгү колунан келсе болду, адис болсо болду деп ойлошот. Бирок иштин жарымы мамиледе. Жумушка болгон мамиле, иштеген адамдарга карата мамиле жана башкаларга маани берүү керек. Канчалык жогорку деңгээлдеги адис болсо да, биринчи орунда адамдык сапат турушу абзел деп ойлойм.

Кыргызстанда IT тармагы өнүгүп келе жатат

- Учурда президенттин алдында курулган адистердин кеңешмесинде мүчөмүн. Азыр темалардын баары эле санариптештирүү болуп жатат. Бардык иш-аракеттер IT системаларын киргизип, элибиздин жашоосун жеңилдетүүгө багытталууда. Биздин өлкөнүн деле IT тармагы өнүгүп келе жатат, бул тармакта окуунун алтын доору болуп жатат десем болот.

Бизде Кыргызстанда жеке өзүнүн продуктусун чыгарган 2-3 эле фирма бар. Калгандары бирөөлөрдөн буюртма алып, ошолорду аткарган аутсорсинг компаниялар. Экөөнүн айырмасы - өзүнүн продуктусун чыгарган компаниялардын кызыкчылыгы, максаты бар. Ошого жараша продукцияны жогорку деңгээлде жасашат. Ал эми аутсорсинг компаниялардын арасында продукцияны эптеп жасап берип койгондор да кездешет. Албетте, баары билимдин сапатынан көз каранды. Бирок бул жакта отуруп деле дүйнөлүк чоң компанияларды тейлегендер, чет өлкөдө иштеген мыкты адистер да бар.

Жоопкерчилик менен дисциплина болуш керек

- IT'нин кайсы тармагын тандабасын программалоонун негизги билимин алыш керек. Деги эле IT тарыхы, интернет кандай иштейт жана башка баары тууралуу жалпы маалыматтар болсо жакшы. Жасаганды билгени менен, интернет кантип иштей турганын билбегендер көп кездешүүдө. Мындай абалда албетте, курстан эмес, университеттен билим алууну сунуштамакмын. Себеби окуу жайлар көп нерсени терең үйрөтпөсө да, жалпы маалымат беришет.

Абитуриенттерге кеңешим кайсы тармакты тандаса да, жоопкерчилик менен дисциплина болуш керек. “Мотивация айтып койгулачы, мотивация керек” дегендер бар го, негизи мотивация ашып кетсе 2 жумага эле жетет. Ошол үчүн дисциплина болушу шарт. Күн сайын окуп туруу, кылган ишиңди улантып туруу зарыл. Анан, албетте, жоопкерчиликти сезе билиш керек. Мен айрымдарына 15 саат окугула десем, "биз качан эс алабыз" деп калышат. Эс ала турган учур, иштей турган учур болот. Азыр энергияга толуп турган учурда иштеп калууга, мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калууга аракет кылгыла демекчимин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан