Төрага Шакиев Малайзиянын ТИМ башчысын кабыл алды. Талкууланган маселелер

Бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу сөз болду.

Нурланбек Шакиев соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү башкы максат экенин белгилеп, жакынкы аралыкта биргелешкен бизнес-форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады. Ошондой эле ал туризм жаатында да кызматташтыкты кеңейтүү маселесин көтөрдү.

"Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри кооз табияты, меймандос эли жана уникалдуу маданияты менен айырмаланган Кыргызстанга алгач ирет келип жатканын белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Шакиевге ыраазычылык билдирди.

Замбри Абдул Кадир көтөрүлгөн ар бир демилге маанилүү экенин айтып, Малайзия мамлекети да соода жүгүртүү, туризм өңдүү артыкчылыктуу багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады. Муну менен катар тышкы иштер министри катары эки мамлекеттин байланышын өнүктүрүүгө бардык күч аракетин жумшай турганын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан