"Акылман" президенттик лицейи жөнүндө жобонун долбоору коомдук талкууга коюлду

“Акылман” президенттик лицейи жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоору даярдалып, 26-июлга чейин коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, лицейге бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өткөрүлүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча эки этап менен жүргүзүлөт:
  • I этап – тестирлөөгө катышуу үчүн тапшырылган окуучулардын документтерин баалоо;
  • II этап – тестирлөөгө катышуу жана тестирлөөдө алган баллдардын рейтинги боюнча жана белгиленген кабыл алуу квотасына ылайык окуучуларды тандоо жүргүзүү.

Ар бир класстагы окуучулардын саны 24төн ашпоого тийиш.

Лицейде окутуу – акысыз, лицейге башка аймактан келген окуучулар интернатта бекер жашоого жана тамактанууга укуктуу.

Белгилей кетсек, 15-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи" мекемеси түзүлгөн.

Лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан