Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи» мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Акылман” президенттик лицейине 6-классты ийгиликтүү аяктаган окуучулар тапшыра алышат. Мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш ийип, педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттары каралат.
Билдирүүдө айтылгандай, лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.