Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жарандын сөөгү кечээ, 3-июлда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан мезгилде 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу жаран экскаватор менен сууга кулап кеткени маалымдалган.
Издөө иштеринин натыйжасында ал жарандын сөөгү суудан табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.