Кишенёвдо ок чыгарган тажикстандык жаран ооруканада каза болду

Бүгүн, 4-июлда Кишенёв шаарынын аба майданында ок чыгарган тажикстандык жаран алган жаракатынан улам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Рустам Ашуров 23-июнда Тажикстандагы "Ориенбанктын" жетекчисинин орун басары Шухрат Исматуллоевди уурдоого катышкан деген шек менен эл аралык издөөдө жүргөн. Ал Түркия аркылуу Молдовага барып, андан соң Европа өлкөлөрүндө калууну көздөгөн. Бирок Кишенёв шаарындагы аба майданынан паспорт көзөмөлдөө кызматкерлери аны Молдовага киргизүүдөн баш тартып, өз өлкөсүнө кайтарууну чечишкен.

Каттоо үчүн бара жаткан жолдо Ашуров полиция кызматкерлеринин куралын алып, ок чыгарган. Жыйынтыгында аэропорттун коопсуздук кызматкери менен бир жүргүнчү жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми тажикстандык жаран жүргүнчүлөрдү барымтага алууга аракет кылганда, ага ок тийип ооруканага жаткырылган. Көп өтпөй Ашуров алган жаракатынан улам каза тапкан.

Ал эми бүгүн, 4-июлда Молдова өкмөтү аба майданында каза болгондорду эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнүн белгилеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан