Кримтөбөл "Карышкыр" киши өлтүргөн деген айып менен 14 жылга эркинен ажыратылды  

20-июнда "Карышкыр" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Мурсалым Умырзаков катышкан адам өлтүрүү кылмышы боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда SUPER.KG порталына тиешелүү өкүмдү Аламүдүн райондук соту чыгарганын Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттун өкүмү менен кримтөбөл Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу"), 165-берене ("Адам уурдоо"), 208-берене ("Опузалап талап кылуу") жана 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга кесилди. Ошондой эле анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн катаал режимдеги түзөтүү абагында өтөй турган болду.

Аталган кылмышка катышкан шериктери К.В. менен С.у.С. 13 жылга кесилип, мал-мүлкү конфискацияланган. Ал эми А.Г.- 9, А.М.- 8, А.А. үч жарым жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

Белгилей кетсек, Мурсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" деген каймана атка ээ жана бир канча жолу соттолгон.

Окуянын чоо-жайы:

2022-жылдын 25-апрелинде саат 15:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам тергөө тобу дароо барып, милиция кызматкерлери тарабынан бул адамдын аты-жөнү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган К.Д. экени аныкталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Киши өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип бир катар адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адамдар да кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш, жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалганы, ал жерде экөөнүн ортосундагы чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылганы аныкталган.

"Бул окуяда жабыр тарткан адам бир нече жолу соттолуп, жанына дайым бычак алып жүргөндүгүнө байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылышкан. Ошентип, бул кылмышка шектүүлөр, 2022-жылдын 24-апрелинде саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен киши колдуу болгон адамды Киа үлгүсүндөгү унаага салып барып, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндөрдүн биринен денесине залал келтиришип, ал алган жараатынан каза болгон.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери, бул аял жабырлануучу адам абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чогуу жашай баштаганын аныкташкан",- деп айтылган билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр камакка алынган:
  • А.Г., 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу.
  • К.М., 2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка шектүүнүн уулу.
  • А.А., Киа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, кылмышка шектүүнүн баласынын досу.
  • У.М., 1975-жылы туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан