Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда президенттик администрациядан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Жеңишовичке сөгүш берилди", - деп айтылат маалыматта.
Кабарлангандай, президенттин "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлгөн.
Бирок азыркы күнгө чейин Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла электиги кабарланды. Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол бергендиги айтылды.
Эске салсак, Илияз Иманбетов бул кызматка 2022-жылдын 29-сентябрында дайындалган.