Нурланбек Шакиев Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды  

Бүгүн, 4-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгиледи.

"Бирок муну символикалык маараке катары гана караганыбыз оң. Себеби кыргыз эли менен кытай эли эзелтен коңшу жашап, кылымдарды карыткан тыгыз байланышка ээ. Бизде “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” – деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, Кытай биз үчүн коңшу мамлекет эле эмес, өз ара ишенимге жана достукка таянган өнөктөш өлкө. Ортобузда эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө тоскоол болгон эч кандай саясий пикир келишпестиктер жана көйгөйлөр жок.

Тышкы экономикалык мамилелер чөйрөсүндө Кытай Кыргызстандын башкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Айрыкча, социалдык - экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзчү мүмкүнчүлүктөрдү камтыган “Бир алкак-бир жол” демилгесин биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь дипломатиялык ишмердүүлүгүн алкагында жасалган иштерге кеңири токтолуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Өзгөчө өнөктөштүктүн жаңы доорун түптөө багытындагы демилгелерди сөз кылып, алардын катарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бар экенин белгиледи.

“Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосунда кызматташтыкты арттыруу да башкы максатыбыз. Алсак, Кытай парламентинде да, Кыргыз парламентинде да кызматташуу боюнча депутаттык достук топтору түзүлгөн. Андыктан жолугушууларды байма-бай өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүшүбүз кажет”, – деди Ду Дэвэнь.

Муну менен катар жакынкы аралыкта бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын жана Кытай Коммунисттик партиясынын делегациялары Кыргызстанга келерин маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан