Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек суу чарба”муниципалдык ишканасы пландалган алты скважинанын экинчисин бургулоого киришти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, скважинанын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы тарабынан Профсоюз – Нарвск, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалды.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвс көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина "Бишкек суу чарба" ишканасы тарабынан казылган. Аны жашылдандыруу иштеринде гана колдонору белгилүү болгон.