Бишкекте жаңы скважина колдонууга берилет (Видео)

Бишкектеги Профсоюз көчөсүндө бурголоочу суу чыгаруучу скважина колдонууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда калаа мэриясы тарабынан уюштурулган пресс-турда "Бишкек суу чарба" ишканасынын жетекчиси Радик Жумабек уулу билдирди.

Анын айтымында Профсоюз көчөсүнүн астында орнотулган скважина "Бишкек суу чарба" ишканасы тарабынан курулду. Скважина жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө колдонулат.

"Скважинанын максаты - аталган көчөдөгү бак-дарактарды сугаруу болуп саналат. Ал жердин астынан 103 метрден сыртка чыгарылып, жердин үстүнө берилет. Мындан тышкары скважинанын дагы бир максаты сууну үнөмдүү пайдалануу. Учурда калаада 6 скважина курулуп жатат. Алар төрт районду камтыйт. Ошондой эле ирригациялык каналдарга да суу берилет", - деди Радик Жумабек уулу.

Белгилей кетсек, «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы 10 жылдан бери тазаланбай келген Ала-Арча дарыясынын ичин, айланасын тазалоодо.

Бишкек суу чарба
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан