Руслан Акматалиев "Асман" шаары боюнча идеялардын "өлтүрүлгөнүнө" нааразы болду

"Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясынын башчысы Руслан Акматалиев аталган шаардын курулуш иштериндеги идеялардын "өлтүрүлгөндүгүнө" нааразы болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Өкүнүчтүү, биздин идеябызды бүт өлтүрүштү. Долбоорду этникалык стилде, комузду пайдалануу менен жасаганбыз. Бул бизди дүйнө жүзүнө цивилизациялуу, өнүгүп келе жаткан өлкө катары көрсөтөт деп ниет кылдык эле", - деди ал.

Эске салсак, 30-июнда президент Садыр Жапаров "Асман" шаарынын курулушуна старт берип, капсула салган. Анда өлкө башчысы инвесторлорго тоскоол болгондор менен өзү эсептешерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан