Чеченстанда буга чейин Елена Милашинадан сырткары журналисттерге жана укук коргоочуларга карата бир нече ирет кол салуу болгон.
Төмөндө окуяларды тизмектейбиз:
2016-жылы 9-мартта Чеченстан менен Ингушетиянын чек арасында журналисттерге кол салуу болгон. Журналисттер аталган аймакка “Кыйноого каршы комитет” укук коргоо уюмунун чакыруусу менен күч органдары тарабынан кыйноого кабылган жергиликтүү тургундарга жолугууга барышкан.
Алгач Ингушетиядан Грозный шаарына кирип бара жаткан жолдо журналисттер бара жаткан микроавтобус белгисиз унаалар тарабынан тосулган. Автобустун ичинде орусиялык жана европалык басылмалардын журналисттери жана “Кыйноого каршы комитеттин” өкүлдөрү бар болчу. Кол салгандар кичи автобустун жүргүнчүлөрүн уруп, автобусту өрттөп салышкан. Окуядан бир нече журналист жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Жабыр тарткандар кол салуунун артында Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун адамдары турарын билдиришкен, себеби кол салгандар өз ара чечен тилинде сүйлөшкөн. Бирок чечен өкмөтү бул билдирүүлөрдү жокко чыгарган. Көп өтпөй Ингушетияда окуя боюнча кылмыш иши козголгону менен 2017-жылы аталган өлкөнүн изилдөө комитети тарабынан “адамдардын жүзүн аныктай албоо” боюнча ишти изилдөө токтотулган.
Ал эми 2016-жылдын 16 мартында ошол эле Грозный шаарында “Кыйноолорго каршы комитеттин” негиздөөчүсү жана адам укугу боюнча президенттин кеңешмесинин мүчөсү Игорь Каляпинге кол салуу болгон. Анда Каляпин жайгашкан бөлмөгө мейманкананын жооптуу катчысы менен полиция кызматкери келип, бөлмөдөн себепсиз чыгарып жиберишкен. Андан соң мейманкананын алдында укук коргоочуну жумуртка, ун, торт менен урушуп, ур-токмокко алышкан. Кол салгандар окуя болгон жерден качып кетишкендиктен, полиция кызматы кылмыш ишин козгогон эмес.
2018-жылдын 9-январында Чеченстандын борбор калаасында “Мемориал” укук коргоо борборунун башчысы Оюб Титиев полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Анда полиция кызматы мындай аракетин Титиевдин унаасынан баңгизат табылганы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй укук коргоочуга баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, 2019-жылы 4 жылга эркинен ажыратылган. Титиев мындай аракетти саясий куугунтук катары сыпаттаган. Ушул эле жылдын июнь айында Титиев боштондукка чыккан жана ал мындан ары Чеченстанда иштебей турганын жар салган.
Ал эми кечээ, 4-июлда сабалган журналист Елена Милашина 2020-жылы да кол салууга дуушар болгон. Анда Милашина менен бирге юрист Марина Дубровина да жаракат алган. Грозный шаарына соттук процесстерди чагылдырууга келген журналист менен Дубровина мейманкананын ичинде белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Жабыр тарткандар тиешелүү органдарга кайрылган, бирок "эч кандай укук бузуу катталган эмес" деп тергөө иштери токтотулган.
Эске салсак, кечээ, 4-июлда Чеченстанда куралчан адамдар тарабынан юрист Александр Немовго жана журналист Елена Милашинага кол салуу болгон. Анда Немовдун бутунан жаракат алганы жана араң гана сүйлөп жатканы кабарланса, Милашинанын манжалары сынганы, куралчан адамдар тарабынан чачынын кырылганы жана денесинде бир нече жаракаттар бар экени айтылган.