Жалал-Абаддагы ызы-чууга катышкан балдар кармалды (сүрөт)

Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттин жанында болгон массалык ызы-чуунун катышуучулары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Мекемеден билдиргендей, ызы-чуу ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда колдоруна темир көтөргөн балдар көчөдө ызы-чуу салып жаткан видео тараган. Облустук милиция аталган жаңжал 2-июлда болгонун айтып, окуянын катышуучулары изделип жатканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан