Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер талкууланып, мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду.
Нурланбек Шакиев БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын туруктуу өнөктөшү экенин белгилеп, COVID-19 пандемиясынын учурунда берилген жардамдар үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарга токтолду.
Сөзүнүн аягында төрага Шакиев Луиз Чемберлендин ишине жогору баасын берип, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары жигердүү эмгектенгенин белгилөө менен Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Ал эми Луиз Чемберлен Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан аткарылган иштерге кеңири токтолуп, туруктуу өкүл катары иштеген мезгил аралыгында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал экология, жашыл экономика, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор тууралуу сөз кылды.