Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен каза болгондор бар. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-июль күнү болжол менен саат 22:00дө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жол кырсыгы катталгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, Маевка айылында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган.
"Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.
Айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып айдоочу эки жаранды сүзүп кеткенин, көп өтпөй жабырлануучулар алган жаракатынан улам ооруканада көз жумганын жазышууда.
Аталган унаанын айдоочусу ИИМдин ички аскеринин кызматкери экенин президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Кырсык болгон учурда айдоочу мас абалында болгону айтылды.