Лукашенко Пригожиндин Орусияда экенин билдирди

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко "Вагнер" жеке менчик компаниясынын ээси Пригожиндин Орусияда экенин билдирди. Бул тууралуу Лукашенко бүгүн, 6-июлда журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтты.

Ал белгилегендей, Прихожин учурда Санкт-Петербург шаарында.

"Бул орусиялык компания. Ошондуктан суроо мага берилбеши керек. Менин билишимче, "Вагнердин" аскерлери өздөрүнүн лагеринде. Ал эми Пригожин боюнча айтсам, ал Питерде. Беларусь өлкөсүнүн аймагында ал жок", - деп билдирди Лукашенко.

Ошондой эле Беларусь лидери "Вагнер" аскерлерин Беларуска алып келүү Орусиянын бийлигинен көз каранды экенин жана "Вагнердин" Беларуска каршы курал колдонуусуна себеп жоктугун айтты.

Белгилей кетсек, "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясы тарабынан уюштурулган Орусиядагы козголоң Лукашенконун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында токтотулган. Ал эми 7- июнда Лукашенко "Вагнердин" аскерлеринин жана алардын жетекчиси Пригожиндин Беларусь өлкөсүндө экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан