Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналарын баса белгиледи. Ал Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун жакшы жыйынтыктарын белгилеп, ага улуттук макам берилип, мындан ары өлкөнүн бардык аймактарында кеңейтүү чечимин айтты.
Ошондой эле Садыр Жапаров Гидроэнергетика тармагында чакан ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорго катышууга чакырып, туризм тармагы дагы жакшы дараметке ээ экенин белгиледи.
Өз кезегинде Тосиаки Эндо мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын Кыргызстанга биринчи сапары экенин белгиледи. Ал Япония адам ресурстарын инвестициялоого басым жасоо менен кыргыз тарап менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин кошумчалады.