Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатынан ажырады

Бүгүн, 6-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун ("Альянс" фракциясы) жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгы боюнча маселени карады.

Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын өкүлдөрү УКМКдан алынган маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилгени аныкталганын белгилешти. Маалымдалгандай, ал 2012 жана 2015-жылдары экзамендерди кайра тапшыра алган эмес. Анын ошол учурда чет өлкөдө болгону УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы менен тастыкталган.

Фархат Исмаилов да Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын маалыматы боюнча өзү көрсөткөн жылдары КУУнун студенттеринин тизмесинде жок болгон. Анын бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча диплому, кийинчерээк юридика илимдеринин магистри даражасы да жараксыз деп табылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы аталган эл өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоону жокко чыгарды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрель айында УКМК бул депутаттар жасалма диплом алды деп шектелип жатканын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан