Каракол шаарында 5 жана 2 жаштагы кыздар дайынсыз болууда

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 5 жана 2 жаштагы кыздар дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июлда Каракол шаарынын Чкалов №65 көчөсүндө 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н.Р. аттуу кыздар күндүз саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу маалымат түшөрү менен кызды издөө иштери тынымсыз уланууда. Издөө иштерине Каракол шаардык № 15 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган.

ӨКМ бул боюнча дагы кошумча маалымат берилерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан