Караколдо дайынсыз жоголгон эки жана беш жаштагы кыздардын сөөгү табылды

Караколдо изделип жаткан эки кичинекей кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоголгон кыздардын сөөгү бүгүн саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, кечээ 6-июль күнү Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н. Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн бери издөө иштери тынымсыз жүрүп жаткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан