3 жашынан тарта актёр болууну кыялданган. "Мыкты жигиттердин" бири Ю Жун тууралуу эмнелерди билесиз?

Өзүнүн жылмаюусу менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган “Мыкты жигиттер” тасмасындагы Ю Жун эсиңиздеби? Дал ушул актёр бүгүн 34 жашка толду. Ким Сан Бом Түштүк Кореядагы келбеттүү актёрлордун катарын толуктайт. Аны кореялыктар таланты жана эмгекчилдиги үчүн жогору баалашат. Төмөндө корей дорамаларынын жылдызы Ким Сан Бом тууралуу баяндайбыз.

Өмүр баяны

Болочок кино жылдызы 1989-жылы 7-июлда Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында төрөлгөн. Актёрдун ата-энесинин Ким Сан Бомдон сырткары дагы бир уул жана кызы бар.

Бомдордун үй-бүлөсүндө чыгармачыл адамдар болгон эмес, бирок Ким 3 жашынан баштап актёр болууну кыялданган. Ким бала кезинде эле теңтуштарына музыкалык шоулорду уюштуруп, ырдап берип турган. Бала бакчанын тарбиячылары Кимдин талантына таң калышкан. Ал көркөм фильмдерди жана телеберүүлөрдү көрүүнүн аябай жакшы көргөн. Достору менен баарлашканда да Ким дайыма тасмалардан эстеп калган фразаларды айтып берген.

Ким башталгыч класста окуп жүргөндө эле футболго кызыгып, команданын чабуулчусу болууга жетишкен. Анын киргизген голдору Сеул мектептеринин ортосундагы мелдештерде бир нече жолу жеңиш алып келген. Бирок спортко болгон кызыгуусу анын сабактарына таасир тийгизгендиктен атасы ага футбол ойноого тыюу салган. Кийинчерээк Ким окууда мыкты ийгиликтерди жарата баштагандан кийин кайра футбол талаасына кайтып, команданын капитаны болгон.

“Ихва” университетинин башталгыч жана орто мектебин аяктагандан кийин Бом “Кенбок” жогорку мектебине которулган.

Карьерасы

Кимге чыныгы ийгиликти Survival Star Audition корей музыкалык телешоусу алып келген. Аталган сынакта Ким Сан Бом финалга чыгып, 6-орунга ээ болгон. Андан кийин 17 жаштагы актёрго ар кандай сунуштар түшүп, ал бир нече сериалда эпизоддук ролдорду аткарган.

Мектепти аяктагандан кийин Ким Чуньань университетинин театр жана кино факультетине тапшырган. Кимдин чыныгы актёр катары карьерасынын башталышы 2006-жылга туура келет. Себеби бул жылы Ким “Ашынган айымдар” сериалында башкы ролду ойногон.

2008-жылы актёр King Kong Entertainment компаниясы менен келишим түзүп,“Чыгыштан бейишке чейин” тасмасында башкы каармандын образын жараткан. Бул тасма аркылуу Ким алгачкы Netizen Popularity Award сыйлыгына ээ болгон. Кийинки жылы Ким “Мыкты жигиттер” тасмасына тартылып, болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жеткен. Аталган тасма дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө көрсөтүлүп, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Ким Сан Бом 2009-жылы "Сүйүшкөндөр шаары" сериалына тартылып, тасма үчүн эки ыр жаздырса, 2011-жылы "Падам-Падам... Алардын жүрөктөрүнүн согушу" аттуу драмада роль жараткан. Баса, актёр аталган драмага катышуу үчүн 2 айда 10 килограммга арыктаган.

Андан соң актёр “Жаш детектив Ди: Деңиз ажыдаарынын чыгышы” аттуу Кытайдын тарыхый фантастикалык тасмасына тартылган. Долбоор 98,4 миллион доллар киреше алып келип, 2013-жылдын эң көп кирешелүү кытай тасмаларынын бири болгон. Ушул эле жылы жылдыздуу актёрдун катышуусунда “Психометрия”, “Бул жылы шамал согот” жана “От кудайы Жон И” тасмалары жарык көргөн.

2015-жылы актёр кайрадан Кытайда тасмаларга тартыла баштаган. Ал “Сүйүшкөндөр жана кинолор” мелодрамасына, “Сүйүктүү” аталышындагы романтикалык тасмага катышуу менен күйөрмандарын кубандырган. Андан соң Ким “Коргоо алдында”, “Полиция айымы-2” жана "Тогуз куйруктуу түлкүнүн окуясы" тасмаларында роль жаратууга жетишкен.

Акыркы жолу Ким Сан Бом “Арбак дарыгер” тасмасына тартылган.

Жеке жашоосу

Моделдик келбети жана жылдыздуу жылмаюусу менен белгилүү болгон актёрдун жеке жашоосу дайыма көңүл чордонунда жүрөт. Бирок Ким жеке жашоосу тууралуу такыр маалымат бербейт, ушак-кептер тууралуу да жеке оюн билдирбейт. Буга чейин актёр ага өзүнөн жашы улуу, өзүнө ишенген жана кесипке ээ болгон кыздар жага турганын билдирген. Ошондой эле Ким жашоосун ага кубаныч жана бакыт тартуулаган айым менен өткөргүсү келерин айткан. Бомдун идеалы бакырайган, кара чачтуу, сурмалуу, табигый макияж менен жүргөн жана спортко кызыккан кыздар экенин корей басылмалары бир нече жолу жазып чыгышкан.

Актёр көп учурда тасма талаасында таанышкан актрисалар менен сүйүү мамилесинде болот. Алсак, “Мыкты жигиттер” тасмасындагы сүйлөшкөн кызынын ролун жараткан актриса Ким Со Ын менен чыныгы жашоодо да мамиле курган.

2013-жылы актёр “От кудайы Жон И" тасмасындагы кесиптеши Муг Гын Ен менен, 2018-жылы болсо актриса О Ён Со менен сүйүү мамилесинде болгон.

Кызыктуу фактылар

2017-жылы Ким көп жылдан бери күйөрманы болгон кызды куттуктап, үлпөт тоюна барган. Жаш жубайлар менен түшкөн сүрөтүн актёр социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Актёр компьютердик оюндардын жарнамасына катышып, бир нече кореялык косметикалардын, кафелердин жүзү болуп саналат.

2012-жылы Бом алгачкы Hometown албомун жазып, Kim Beom Japan Live аттуу жеке концертин берген.

Ким Сан Бом португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун фанаты.

7-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан